Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Швейцария Президенти Симонетта Соммаруга Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Швейцария Конфедерациясынын Президенти Симонетта Соммаруга Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ак ниет жана ишенимге негизделген мамилелер негизги глобалдык чакырыктарды бирге чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сиздер менен мындай көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө чогуу иш алпарууга үмүт артам. Учурдан пайдаланып, Швейцария менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы бекем мамилелерди колдоорумду тастыктайм. Швейцария Федералдык кеңешинин атынан азыркы санитардык каатчылыкта тилектеш экенибизди билдирип кетким келет. Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине бакыт-таалай, жакшылыктарды жана келечекте ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-август