Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Австралиянын генерал-губернатору Дэвид Херли Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Австралия биримдигинин Генерал-губернатору Дэвид Херли Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Сизге, Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине жеке өзүмдүн, Австралия Өкмөтүнүн жана элинин атынан эң жылуу каалоолорду жеткирүүгө уруксат этиңиз. Бүгүн дүйнө өлкөлөрү COVID-19га байланыштуу күч-аракеттерин бириктирип, оор кырдаалдан чыгып жатканда эл аралык коомчулуктун тилектештиги баарынан маанилүү», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Дэвид Херли Кыргызстан менен Австралиянын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да уланарына ишенимин билдирди.

2020-жыл 31-август