Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Хорватия Президенти Зоран Миланович Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Хорватия Президенти Зоран Миланович Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн бардыгы COVID-19 инфекциясы менен күрөшүп жаткан жана тилекке каршы, биздин мамлекеттер да буга кириптер болгон оор мезгилде мен Сизге жана Сиздин өлкөңүзгө  гүлдөп өнүгүүнү каалайм.

Биз вирустун жайылышын биргелешип токтото аларыбызга, мунун артынан биздин жарандарыбыз күнүмдүк жашоосуна тезирээк кайтып келе тургандыктарына ишенем.

Учурдан пайдаланып, Хорватия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдалып, тереңдей бере тургандыгына ишенеримди билдирем», — деп айтылат Хорватия Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-август