Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мальта Президенти Жорж Велла Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Мальта Президенти Жорж Велла Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Биздин эки өлкөнүн ортосундагы жылуу мамиле биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берерине ишенем. Мальта Республикасы кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы, ошондой эле аймактык масштабдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алкагындагы мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип иликтөөгө ишеним арта тургандыгын кайталап кетким келет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Жорж Велла Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2020-жыл 31-август