Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алжир Президенти Абдельмажжит Теббун Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдельмажжит Теббун Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу Сизге бүткүл алжир элинин жана Өкмөтүнүн, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан жылуу куттуктоолорду жана чын дилден чыккан каалоо-тилектерди жолдоп жатканыма кубанычтамын. Сизге ден соолук жана бакубатчылык, ал эми кыргыз элине өсүп-өнүгүүнү каалайм.  Ошондой эле ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сиздер менен достукка жана тилектештикке негизделген мамилелерибизди жана жалпы кызыкчылыктарыбыз үчүн бардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн үстүндө иштөөгө толук даяр экендигимди тастыктайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-август