Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Куба Президенти Мигель Диас-Канель Бермудез Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудез Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Президент мырза, Сизди Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди кеңейтүүнү колдойм. Сизге болгон терең сый-урматымды кабыл алып коюңуз», — деп жазылат телеграммада.

2020-жыл 31-август