Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Италия Президенти Сержо Маттарелла Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Италия Президенти Сержо Маттарелла Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Президент мырза Сизге жана Кыргыз Республикасынын жалпы элине Италиянын бүткүл элинин жана жеке өзүмдүн атымдан эң жакшы каалоо-тилектерди билдирип кетүүгө уруксат этиңиз. Биздин өлкөлөрдү эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүнүн бекем пайдубалын түзгөн өз ара терең достук мамилелер байланыштырып турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагындагы учурдагы кырдаал жакынкы убакта жөнгө салынарына үмүт кылабыз. Президент мырза, Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди жолдойм», — деп белгиленет телеграммада.

2020-жыл 31-август