Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Марокко Королу Мохаммед VI Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Марокко Королу Мохаммед VI Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара сый-урматка негизделген боордоштук мамилелерди чыңдоо жана калктарыбыздын жыргалчылыгы үчүн кызматташуубузду ар тараптуу илгерилетүү максатында Сиздер менен карым-катнашты улантууга кызыкдар экенимди айткым келет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-август