Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Египет  Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Учурдан пайдаланып, мен Сизди биздин өлкөлөрдүн достугун  байланыштырган эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүп жаткандыгына ишендирип кетем. Ошондой эле мен өз ара пайдабыз үчүн мындан ары дагы кызматташууну өнүктүрүүгө абдан кызыкдар экенидигимди билдирем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Абдель Фаттах Аль Сиси Сооронбай Жээнбековго бакубатчылык, ал эми достук мамиледеги Кыргызстандын элине өсүп-өнүгүүнү каалады.

2020-жыл 31-август