Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Египет Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар жадырап кирип келген Курман айт майрамын күтүп жатканда, мен дагы Сизге жана Сиздин достук мамиледеги элиңизге чын ниеттен каалоо-тилектеримди канааттануу менен жолдойм. Аллахтан жалпы мусулман жамаатына көп жетишкендиктерге жетишин жана өсүп-өнүгүүнү тилейм.

Урматтуу Президент мырза, Кудуреттүү Аллах бакты-таалай жана бакубатчылык, биздин эки элдин жана мусулман дүйнөсүндөгү бардык элдердин ортосундагы бир туугандык байланыштарды жана бекем кызматташууну тартууласын», — деп айтылат Египет Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-июль