Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков КР Жогорку Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынына катышат.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

2020-жыл 30-июнь