Оман Султаны Хейсам бен Тарик Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.
«Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жиберүү биз үчүн чоң кубаныч. Сизге бакыт-таалай жана эсенчилик, ал эми достук мамиледеги элиңизге мындан ары дагы өсүп-өнүгүүнү каалайм. Мындай жагымдуу учурлардын келиши менен Жараткан Алла Тааладан мусулман жамаатына жакшылыктарды беришин тилейбиз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.