Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
»Аль-Фитр» майрамы — бул Кудай алдында сынактан ийгиликтүү өтүүнүн, Жаратканына жакындоого бардык күч-аракетин жумшап жана Сират аль-Мустакимди унутпаган Кудайдын кулдарынын чыныгы жеңишинин жана кубанычынын майрамы.
Бул улуу майрамдын ыйыктыгы, ошондой эле окумуштуулардын жана кесипкөйлөрдүн күч-аракети менен биз бүгүнкү күндө адамзаты кабылган коронавирустун кесепетинен тузүлгөн кырдаалды жана бардык кыйынчылыктарды ашып өтүп, ислам өлкөлөрүндөгү элдерибиздин жана дүйнө элинин ден-соолугун, коопсуздугун, бейпилдигин жана туруктуулугун калыбына келтирүү үчүн шарттарды камсыздай алабыз деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.