Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө парламентинин жыйынында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү өлкө Президентинин катышуусунда  ант беришет.

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкө Президенти Жогорку Кеңештин жыйындарында сөз сүйлөөгө укуктуу.

2020-жыл 15-апрель