Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-мартта, Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешти.

Катар тарап Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык айтты.

 

2020-жыл 12-март