Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапары бүгүн, 27-февралда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.
Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты.

2020-жыл 27-февраль Москва