Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү менен куттуктады.
«Сиздин туулган күнүңүздүн урматына арналган чын жүрөктөн чыккан калоо-тилектерди жана куттуктоолорду кабыл алыңыз.
Сиздин акылман жетекчилигиңиздин астында боордош Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүдө ишенимдүү ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн аброюн ырааттуу бекемдеп жатканын белгилөөгө кубанычтамын.
Биздин эки тараптуу жогорку деңгээлдеги мамилелердин бардык багыттары кыргыз-түркмөн өнөктөштүктүн жана мамлекеттер аралык мамилелердин мындан ары кеңейишине бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем», — деп белгиленген Түркмөнстан Президентинин куттуктоосунда.
Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элинин жыргалчылыгы үчүн бардык башталыштарда жана умтулууларда ийгиликтерди каалады.