Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Чет мамлекеттердин башчылары Президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана кыргызстандыктардын дарегине Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар чет мамлекеттердин башчыларынан, эл аралык уюмдардан, саясий жана коомдук ишмерлерден куттуктоолор келип түштү.

Жалпысынан мамлекет башчыларынан 40тан ашуун куттуктоо телеграммалары келип түштү, анын ичинде Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Беларус, Түркмөнстан, Азербайжан, Украина, Түркия, АКШ, Канада, Германия, Египет, БАЭ, Сауд Арабиясы, Монголия, Гана, Бангладеш, Индонезия, Палестина, Португалия, Сингапур, Швеция, Австралия, Мальта, Ватикан ж. б.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилеринен — Шанхай кызматташтык уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинен, ЕСтин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлүнөн ж. б. куттуктоолор келди.

Чет мамлекеттердин башчылары жана эл аралык ишмерлер Президент Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстандын элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалашты.

2019-жыл 31-август