Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Швейцариянын Президенти Ули Маурер Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурер Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Швейцария Федералдык Кеңешинин жана Швейцария элинин атынан Сизге жана Сиздин өлкөңүздүн элине мамлекеттик Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу эң жакшы каалоолорубузду жолдоймун.

Мен быйыл 10-июлда Берндеги биздин жолугушууну канааттануу менен эскерем. Анда мен өз өлкөңүздөгү кырдаалдын өнүгүшү тууралуу Сиздин маалыматыңызды жогору баалагам. Мен ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы жана регионалдык өнүктүрүү маселелериндеги өз ара алмашууларды улантуу мүмкүнчүлүгүн кубаттаган элем.

Швейцария Кыргыз Республикасы менен тыгыз мамилелерди улантууну жана анын негизинде өз ара ишенимди калыптандырууну жактай турганына Сизди ишендирип кетүүгө уруксат этиңиз. Мен Сиздин мамлекеттик кызматыңызда Сизге, ошондой эле Сиздин мамлекетке жана анын элине көптөн үмүттөндүргөн келечек каалаймын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 31-август