Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда.  21-22-августта Мамлекет башчысы иш сапары менен Нарын облусуна барат. 

Нарынга иш сапарынын алкагында Президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Региондун инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат. 

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.

2019-жыл 21-август