Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кувейт Эмири Сахаб-аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сахаб Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Кувейт Эмири Сахаб-аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сахаб Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди Курман айт майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Бул майрам дүйнөдөгү мусулман уммасына тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык алып келишин Алла-Тааладан тилеймин.

Сизге бекем ден соолук, Сиздин өлкөгө жана элиңизге мындан ары өнүгүп-өсүүнү каалаймын, " — деп айтылат Кувейт Эмиринин куттуктоосунда.

2019-жыл 11-август