Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда, Тажикстандын Душанбе шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин талааларында Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болду. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин  билдиришти.

2019-жыл 15-июнь Душанбе