Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт

“Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

“Транзиттик мамлекет болууга аракет кылып жатабыз. Мурунку башталган иштердин баары уланууда. «Бишкек-Ош» жолунун – «Кара-Балта-Бишкек» жана «Маданият-Жалал-Абад» участокторун ремонттоо иштери аткарылып жатат, ырааты менен бүтөт. Мындан тышкары ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир район борборлорунда жыл сайын 3 км кем эмес жолдорун асфальттоо боюнча маселеси бар. 2018-жылы бул багытта иш солгундады. Быйыл бул маселе өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болот”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

2019-жыл 21-февраль Сузак