Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапар менен учуп келди.
Мамлекет башчысы ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына тар жана кеңири курамда катышат.
Сессиянын аягында жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат.