Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Астана шаарында Казакстандын Коопсуздук кеңешинин аппараты  менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ортосунда эки тараптуу консультативдик жолугушуу өткөрүлдү

Казакстандын Астана шаарында 7-ноябрда Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аппараты менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ортосунда эки тараптуу консультативдик жолугушуу  өткөрүлдү.

Казакстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Габит Байжанов бул жолугушууну өткөрүү боюнча биргелешкен демилгени ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансчекаралык кылмыштарга каршы күрөшүү, диний экстремизмге жана терроризмге жол бербөө жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун, терроризмге, радикалдашууга жана трансчекаралык кылмыштарга жол бербөөнүн  актуалдуу маселелери дагы талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуунун бардык багыттар боюнча  кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Кийинки жолугушуу 2019-жылы Кыргызстанда өткөрүлөт.

2018-жыл 8-ноябрь