Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды Венгриянын Улуттук күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды Венгриянын Улуттук күнү менен куттуктады.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Венгриянын Улуттук күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздин Кыргызстана болгон расмий сапарыңызда жана үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөн маектешүүнү жагымдуу маанайда эстейм.

Сиздин сапарыңыз жемиштүү болду деп эсептейм. Сиз менен болгон маанилүү жана маңыздуу маегибиз мага абдан зор таасир калтырды. Бул жолугушууну мен Европа менен Азияны бириктирген эки боордош элдин ортосундагы „Ысык-Кел диалогу“ деп атаар элем.

Жылуу жана достук маанайда өткөн жолугушууда биз эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы жана келечектеги маселелерин талкууладык. Бул маселелерди ишке ашыруу Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы баардык тармактарда кызматташууну күчөтүүгө шарт түзөт деп ишенем.

Биргелешкен күч-аракет менен, биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн, биз эки тарапка тең пайдалуу кыргыз-венгр мамилелеринин бардык комплексин мындан ары да өнүктүрүүнү камсыз кылабыз деп ишенем.

Сизге бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматыңызда мындан аркы ийгиликтерди каалайм, ал эми достук мамиледеги Венгрия элине — тынчтык жана гулдөп-өнүгүүнү каалайм!», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 23-октябрь