Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге туулган күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.

«Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан каалоо тилектеримди кабыл алыңыз.

Россиянын элинин колдоосу жана сый урматына татыган Сиздин кесипкөй жана турмуштук бай тажрыйбаңыз мамлекеттик ийгиликтүү ишмердүүлүктүн бекем негизин түзөт.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп багыттуу маселелерди кенен талкуулап алууга мүмкүнчүлүк түзгөн Душанбеде өткөн КМШ мамлекет башчыларынын жыйынынын алкагындагы жакында болгон жолугушуубузду жылуу сезим менен эстейм.

Жетишилген макулдашуулар жана Сиздин жеке колдооңуз Кыргыз-Россия союздаштыгынын жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн бекемделишене жана өнүгүшүнө жакшы өбөлгө болот деп терең ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путинге чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, өз өлкөсүнүн жана элинин жыргалчылыгы үчүн алдыга белгилеген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди жана жемиштүү эмгектенүүнү каалады.

 

 

2018-жыл 7-октябрь