Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгендигине байланыштуу Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Джоробекова кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип    комиссиясы  жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго  макулдук бергендигине  байланыштуу Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан  Джоробекова Айнагүл Мамаюсуповна  Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  сотунун судьясынын кызмат ордунан четтетилди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2018-жыл 2-октябрь