Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Индия Республикасынын Президенти Рам Натх Ковинд Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Индия Республикасынын Президенти Рам Натх Ковинд Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Индия Өкмөтүнүн элинин жана жеке өзүмдүн атыман Сизди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана Кыргызстан элине жылуу саламымды жана куттуктоолорумду билдирем.

Индия менен Кыргызстандын мамилеси жылуу достук маанайда деп мүнөздөлөт. Биздин жалпы тарыхый байланыштарыбыз эки тараптуу кызматташтыкка бекем негиз боло алат. Биздин көп багыттуу мейкиндикте, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмундагы үзгүлтүксүз кызматташуубуз биздин бекем достук мамилебиздин далили. Жакынкы жылдары биздин байланыш мындан да бекемделет жана ар тармактуу өнүгөт деп ишенем», -деп белгиленет куттуктоодо.

Индиянын Президенти Рам Натх Ковинд Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук жана бакубаттуулук, достук мамиледеги  Кыргызстан  элине  прогресс жана  өсүп- өнүгүү каалады.

2018-жыл 31-август