Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Эгемендүүлүк күнү — Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы — Сизди жана Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктап жана жакшы каалоо-тилектерди айтууга жагымдуу мүмкүнчүлүк түздү.

Тажикстан достук жана жакшы кошуналык жана биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын салттуу мамилелеринин жогорку динамизмин арттырууга кызыкдар болгон жана мындан ары дагы кызыкдар бойдон калат.

Эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү кызматташтык биргелешкен аракеттер менен  эки элдин кызыкчылыгы үчүн өнүгүүнүн жолуна алып чыгат деп терең ишенем.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленет Тажикстандын Президенти  Эмомали Рахмондун куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 31-август