Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Өзбекстан Республикасынын көп улуттуу элинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сизди жана бир тууган Кыргыз Республикасынын элин Сиздин өлкөнүн  улуттук майрамы — Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Өткөн жылдардын аралыгында Кыргызстан коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдү жана реформаларды ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге  жетишти, эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркы өстү.

Өзбекстан акыркы жылдары өзбек-кыргыз мамилелеринде ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлине жетишкендигине, эки тарапка тең  кызыкчылык туудурган көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну бардык багыттар боюнча ырааттуу кеңейтүүгө зор маани берет.

Ортобузда түзүлгөн жеке байланыштарды абдан жогору баалайм. Сиз менен биздин мазмундуу жана өндүрүмдүү аңгемелешүүлөр көз караштардын жалпылыгын жана өз ара аракеттенишүүнү мындан ары тереңдетүүнүн түйүндүү маселелери жана регионалдык күн тартиби боюнча эки мамлекеттин позициясы бирдей экендигин дагы бир ирет айгинеледи.

Биз Өзбекстанда Кыргызстан менен салттуу достук, жакшы коңшулаштык жана стратегиялык кызматташтык мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүү турабыз.

Ачык жана конструктивдүү диалогду улантуу, жетишилген макулдашууларды ырааттуулук менен конкреттүү ишке ашыруу өз ара урматтоого жана колдоого  негизденген жана өлкөлөрүбүздүн, элдерибиздин жыргалчылыгына багытталган өзбек-кыргыз мамилелерин тереңдетүүгө, ошондой эле региондо тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө болот деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.

Президент Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана прогресс каалады.

2018-жыл 31-август