Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахка карындашынын  дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахка  карындашы Шейха Фариха Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахтын  дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Сиздин карындашыңыз Шейха Фариха Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиздин жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сизге чыдамдуулук жана сабырдуулук каалайм”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2018-жыл 15-август