Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малкини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда Палестина Мамлекетинин тышкы иштер министри Рияд Малкини кабыл алды.

Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы кызматташтыкты  чыңдоо жана тереңдетүү боюнча  кыйла маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы министр Рияд Малкинин келиши кыргыз-палестин мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрөт деген ишенимин билдирди.

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малки кыргыз-палестин мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшаарын белгилеп, Палестинанын Президенти Махмуд Аббастын жылуу каалоо-тилектерин жана келип кетүү тууралуу чакыруусун жеткирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Палестинанын элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү каалап, Кыргызстан ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин ырастады.

2018-жыл 27-июль