Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Египет Президенти Абдель Фаттах Ас-Сисини Египеттин Революция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сисини Египет Араб Республикасынын Революция күнү менен куттуктады.

«Сизди Египет элинин улуттук майрамы — Египет Араб Республикасынын Революция күнү менен куттуктайм.

Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер мындан ары да өнүгүп жана өсө берерине терең ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Египет Президенти Абдель Фаттах Ас-Сисиге бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Египет элине — тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

2018-жыл 23-июль