Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эртең, 19-июлда өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушат.

Жолугушууга 30дан ашык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

Жарандык сектор өкүлдөрү менен Мамлекет башчысынын диалогунун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

2018-жыл 18-июль