Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Омандын Султаны Кабус бин Саид Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Омандын Султаны Кабус бин Саид Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Орозо айтка байланыштуу зор канааттануу менен Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жана жакшы каалоолорду жолдойбуз. Мындай бактылуу учурларда Сизге бекем ден-соолук жана бакыт-таалай, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине гүлдөп өнүгүү каалайм. Жараткан Алла-Талаанын батасы бардык мусулмандарга тийсин деп тилейм», — деп куттуктоо телеграммасында айтылган.

2018-жыл 14-июнь