Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Мен сизди Орозо айт күнү менен куттуктайм жана чын жүрөктөн каалоолорумду билдиргениме абдан кубанычтамын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Президент Сооронбай Жээнбековго бакыт-таалай жана чын ден-соолук, ал эми боордош Кыргызстан элине — бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү, ошондой эле араб жана ислам элине даңк жана бийик зоболо алып келүүсүн каалады.

2018-жыл 14-июнь