Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Аравия Королдугунун  Королу Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ыйык Орозо айт майрамына байланыштуу Сауд Аравиясы Королдугунун элинин жана жеке биздин атыбыздан Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жана эң жакшы каалоолорду айтуу биз үчүн чоң кубаныч.  Жараткан Алла-Таала Сизге бекем ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстандын боордош элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөө, биздин ислам коомчулугубузга даңк жана бийик зоболо беришин суранам», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 14-июнь