Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркия  Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Улуу урматтуу Президент мырза, кымбаттуу боордошум! Исламдын улуу майрамы — Орозо айт менен чын жүрөгүмдөн  куттуктайм. Ушул ыйык майрам   Ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык жана бейпилдик  алып келишин тилейм. Учурдан пайдаланып, Түркия элинин жана өзүмдүн атыман Сизге ден-соолук, боордош  Кыргызстан элине  бакубат жашоо жана  гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп белгиленет  Түркиянын  Президенти Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 14-июнь