Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ыйык Орозо айт майрамы менен Сизге жана боордош кыргыз элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана ак ниет каалоолорумду жолдоп жатканым мага чоң ырахат алып келет. Бийик руханий баалуулуктар, гуманизм, боорукердик жана тынчтыктын белгиси болуп саналган бул майрам мындан ары дагы мусулман үмөтүнүн арасында өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди жогорулатат деп  чын жүрөктөн үмүттөнөм», — деп белгиленет  куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын Президенти Кыргызстандын Президентине чың ден-соолук, бакыт-таалай, ал эми боордош Кыргызстан элине — тынчтык, бейпилдик жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2018-жыл 14-июнь