Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ФОТО – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйыны

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору  Калысбек Жумаканов, Инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шумкар Адылбек уулу бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына жасаган  мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрүштү.

Министр Эрлан Абдылдаев Президенттин жолугушуулары жана иш-чараларына токтолуп, Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары ийгиликтүү болду деген баасын берди.

Ал сапардын жыйынтыгы боюнча  эки тараптуу 10 документке кол коюлганын, алардын эң маанилүүсү Биргелешкен декларация экенин айтып берди.

Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин жыйыны жөнүндө айтып жатып, министр Эрлан Абдылдаев бул «сегиз» форматындагы алгачкы жыйын болгонун белгиледи.

«Кытай  ШКУдагы төрагалыгы мезгилинде жаңы мүчөлөрдү биздин уюмдун форматына ыңгайлаштыруу боюнча чоң жумуш аткарды. ШКУ саммити ийгиликтүү өтүп, 17 документ даярдалган, бардыгы кабыл алынды. Кыргыз Республикасы ШКУда төрагалыкты өткөрүп алды. Бул мезгил аралыгында биз үчүн тышкы саясат, экономика, транспорт, айыл чарба тармактарында жана гуманитардык кызматташтык маселелери, ШКУ аймагында айыл чарба кайра иштетүү боюнча жаңы технологияларды колдонуу менен атайын айыл чарба технологиялык парктарды түзүү долбоорлорун ишке ашыруу артыкчылыктуу болот», — деди министр.

Ал сапардын жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков инфраструктура, транспорт инфраструктурасы, унаа жана темир жол каттамдарын жакшыртууга басым жасап, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну тезинен ишке ашыруу зарылдыгын белгилегенин айтты.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бул сапардын алкагында кайтарымсыз техникалык-экономикалык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимге жана «Мобилдик госпиталь» долбоорун ишке ашыруу боюнча Алмашуу каттарга кол коюлганын айтып берди.

Ал Кытайдын Өкмөтү Кыргызстанга 600 млн юань кайтарымсыз жардам көрсөтүп, ал акча ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияны жабдыктар менен камсыздоо, илимий-инновациялык айыл чарба технопаркын түзүү, Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү, археологиялык эстеликтерди реставрация кылуу, музейлерди түзүү жана башка долбоорлорго багытталаарын белгиледи.

Ошондой эле Кытай Кыргызстанга өз гранттык каражаттарынын эсебинен атайын жабдыктары менен эки даана мобилдик госпиталь берет.

Алмаз Сазбаков ошону менен бирге Кытай Кыргызстандын региондорун ичүүчү таза  суу менен камсыз кылууга 100 млн. доллар грант бергендигине дагы токтолду. Бул долбоордун алкагында өзүнчө макулдашууга кол коюлат, долбоор 2019-жылдын акырында — 2020-жылдын башында ишке ашырыла баштайт.

Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов  2013-жылдын 11-сентябрындагы «Кыргызстан-Китай» газ түтүгүнүн курулушунда жана эксплуатациялоодо кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюлгандыгы туурасында айтып берди.

Кытай тарап курулушун толугу менен мойнуна алган газ түтүгүн пайдаланган мезгилдин аралыгында атайын салык түрүндө өлкөнүн бюджетине  2,5 млрд. доллардан ашуун каражат   түшөөрүн маалымдады.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов мамлекеттик сапардын  жыйынтыгы менен шарптан эркин аймак түзүү талабы жөнүндө Меморандумга кол коюлгандыгын белгиледи. Меморандум боюнча  КЭРнын Башкы бажы башкармалыгы  менен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ортосунда вакцинация  жүргүзүү каралган.

Ал Макулдашуу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экендигин чечмелеп берди. Анткени эми  Кытайга мал чарба азыктарын экспорттоо үчүн протоколго кол коюу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Протоколдордо мал чарба азыктарын уй, кой-этин, кургатылган сүт, малды сойгондон кийин калган ич эттерди жана балды экспорттоо каралган.

«Биз жогоруда айтылган протоколдордун долбоорлорун иштей баштадык, аларды иштеп чыгып, кытай тараптын кароосуна жөнөтөбүз», -деди Калысбек Жумаканов.

Инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шумкарбек Адылбек уулу  ведомствосу менен Кытайдын коммерция министрлигинин ортосунда Кыргызстандын территориясында  тышкы соода-экономикалык кызматташуу аймагы жөнүндө Меморандумга кол коюлгандыгына токтолду. Мындан тышкары Агенттик BAIC Group корпорациясы менен  электромобилдерди чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого укук алгандыгын белгиледи.

Журналисттер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун долбоору, Кыргызстандын территориясы аркылуу өтчү газ түтүгү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жүгүртүүнүн көлөмү, ШКУга Индия менен Пакистандын кошулушу, электромобилдерди чыгаруучу заводдун курулушу туурасында суроо беришти.

2018-жыл 12-июнь