Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу жеңил өнөр жайынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкеринин күнү менен куттуктайм! 

Жүз миңдеген адамдар эмгектенген текстиль-тигүү өнөр жайы бүгүн өлкө экономикасынын маанилүү тармактарынын бирине айланды.

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу тармактын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берди. Биримдиктин салыксыз жалпы рыногу ата-мекендик продукцияга болгон талаптын өсүшүнө алып келди. Кыргыз ишкерлери продукциянын сапатын жакшыртып, атаандаштыкка ийгиликтүү туруштук бере алышты.

»Кыргызстанда жасалган« деген маркасы бар тикме буюмдар көптөгөн өлкөлөрдө таанымал болуп, көптөгөн өлкөлөрдө кеңири белгилүү брендге айланды.

Жакынкы жылдарда ишканаларды технологиялык жактан жаңылап, өндүрүштөн сатууга чейинки чынжырчаны бир калыпка келтирүү зарыл. Бул экономиканын чектеш секторлорунун өнүгүшүнө жаңы түрткү берет, өлкөнүн региондорунда жумуш орундарынын санын көбөйтөт.

Кыргызстандын тигүүчүлөрү кийим-кечелердин дүйнөлүк рыногунда өлкөбүздү татыктуу көрсөтөт деп ишенем. Сиздердин кажыбаган, кайратман эмгегиңиздер жана талантыңыздар болочок пландардын ишке ашаарына ишеним арттырат.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерге бекем ден соолук, бак-таалай, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм!»

2018-жыл 9-июнь