Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 10-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган.

Макулдашуунун негизги максаты жарактуу улуттук дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлери үчүн башка мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана болуу үчүн токсон (90) күнгө чейин виза алуу талаптарынан бошотуу болуп саналат.

Аталган Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Чили Республикасынын жарандарынын — улуттук дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүүлөрүн жеңилдетет, эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө көмөк болуучу эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2018-жыл 5-июнь