Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Гейдар оглы Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 18-майда Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков  Азербайжан Республикасынын Президенти  Ильхам Гейдар оглы Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттердин башчылары Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыктын олуттуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

2018-жыл 18-май