Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

«Согуш жылдарындагы катаал сыноолордон өткөн фронтовиктердин жана ооруктагы эмгекчилердин эрдиги  боордош элдерибиздин ынтымагын, майтарылбас кайратын жана Ата Мекенге карата чыныгы сүйүүсүн  көрсөттү.

Кан майданда курман болгондор тууралуу эскерүүлөр, биздин бейпил жашообузду, эркиндигибизди коргоп калгандарга чексиз ыраазычылык сезими кылымдар бою жашап, салттуу белорус-кыргыз достук   мамилелерине бекем негиз болуп кызмат өтөйт деп ишенем», -деп белгиленет телеграммада.

Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко Президент Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине — тынчтык, ынтымак  жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2018-жыл 9-май