Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына байланыштуу куттуктады.

«Бул улуу күнү биз өзгөчө ыраазычылык жана сыймыктануу сезимдери менен болочок муундун тынч жашоосу жана бардык адамзаттын бактылуу келечеги үчүн эрдик менен салгылашкандардын ысымдарын жана ошондой эле өзүнүн тынымсыз жана талыкпас эмгеги менен Жеңиштин жарык күнүн жакындаткан ооруктун эмгекчилдерин эскеребиз. Ата-бабаларыбыздын улуу каармандыгынын элеси мындан ары дагы өлкөлөрүбүз ортосундагы мындан аркы достук мамилелерин бекемдөө жана ар тараптуу кызматташуу үчүн бекем негиз болуп кызмат кылат деп ишенем», — деп белгиленет телеграммада.

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бекем ден-соолук, бакты-таалай жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык, мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалады.

2018-жыл 9-май