Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын дос элин Улуу Жеңиш майрамы  менен куттуктады.

«Биздин элдерибиз бул өлүм алып келген жана кыйраткыч өтө катаал согуштун оорчулугун бирге көтөрүштү, эрдик жана каармандык көрсөтүп, ондогон миллион өмүрлөрдү курмандыкка чалып, адамзаттын митаам жана каардуу душманы — фашизм менен күрөштө өз эркиндигин жана көз карандысыздыгын сактап калышты. Катаал сыноолордон өткөн элдерибиздин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелер мындан ары да бекемделип, өнүгө берет деп ишенем», — деп телеграммада белгиленген.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон бардык ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине узун өмүр, бекем ден-соолук жана жакшы маанай каалады.

2018-жыл 9-май