Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун” техникалык регламенти” жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун” техникалык регламенти” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 4-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - “Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун” техникалык регламенти” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин жаңы редакцияларына шайкеш келтирүү.

Тактап айтканда 2016-жылдын 18-октябрында Евразия экономикалык комиссия Кеңешинин жыйынында № 101 “Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Комиссиянын Кеңешинин чечими кабыл алынган.

Евразия экономикалык комиссия Кеңешинин аталган Чечиминде 2017-жылдын 1-январынан тартып, Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасынын 6-редакциясынын жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасынын негизинде Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин жаңы редакциясын колдонууга киргизүү караштырылган.

Ошол себептен кабыл алынган Мыйзам менен Евразия экономикалык бирлигинин тиешелүү Техникалык регламенттери Кыргызстандын аймагында күчүнө киргенге чейин, Техникалык регламенттерди бекиткен Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү камтылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2018-жыл 1-февраль