Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 142 буйругуна өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 142 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилди: 

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Жээнбеков Сооронбай Шарипович
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Кеңештин төрагасы;
Ниязов Фарид Абилезимович
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;

Кодуранова Асель Союзбековна
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, «КСДП» фракциясы (макулдашуу боюнча);

Керезбеков Канат Керезбекович
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Шадиев Аскарбек Алимбаевич
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Бир Бол» фракциясы (макулдашуу боюнча);
Алимбеков Нурбек Каарыевич
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Кыргызстан» фракциясы (макулдашуу боюнча);

Шайназаров Тынчтык Урайимович
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы (макулдашуу боюнча);

Сабиров Максат Эсенович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Республика-Ата-Журт» фракциясы (макулдашуу боюнча);

Токтошев Эмиль Токтакунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Ата-Мекен» фракциясынын лидеринин орун басары (макулдашуу боюнча);

Токбаева Айнаш Абдымановна - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Джолдубаева Индира Ырысбаевна - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

Джунушпаев Кыдык Карыбаевич - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Бегалиев Тилектеш
Ишеналиевич - Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Исмаилов Анарбек Касымович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укукту өкүлүнүн орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Ахметов Уран Тулондиевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Есеналиев Максатбек Кульчороевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;

Бокоев Жаныбек Абдраевич - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин профессору (макулдашуу боюнча);

Раимкулов Билим
Сардалбекович - Кыргыз Республикасынын Адвокаттар союзунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Майчиев Шамарал Юсупович - адвокат (макулдашуу боюнча);


Сыдыкова Лейла Чынтургановна - Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору (макулдашуу боюнча);

Арабаев Манасбек Матаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы.».

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын
24-октябрындагы № 138 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын
17-сентябрындагы № 157 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын
5-мартындагы № 41 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын
13-январындагы № 4 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын
30-январындагы № 21 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын
6-апрелиндеги № 93 буйругу.”

2018-жыл 10-январь