Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Көп улуттуу Өзбекстан элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Жаңы 2018-жыл менен куттуктоолорумду кабы алыңыз. Сизге  жана Сиздин жакындарыңызга чың ден-соолук, бакубатчылык  жана  ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине – тынчтык, бейпилдик жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп айтылат Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо телеграммасында.

2017-жыл 31-декабрь